menu 1

Ж. Турусбековдун фронттон жазган катынан үзүндү. 1942-ж.

Жусуп Турусбеков. Тандалган ырлар. Поэмалар.

Бишкек: Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду, 2016. 99-106 б.

Мукай Элебаев

УЛУУ МАРШ

Эрин кулдап, күңдөй жумшап бүлөсүн,

Нечен жылдар аккан тердин мөмөсүн,

Тартып алсам деген кара ниеттин,

Кордугуна кантип тирүү көнөсүң?

Улуу марш, улуу сынга,

Сал барын, эч аянба!

Эр жигит эми келди,

Сыналчу зор майданга!

Кыйын-кыстоо–миң жорукка белчеден,

Жедеп бышып, көнгөн элим эзелден.

Теңдеши жок кандай күчтүү болсо да,

Баш урунуп, багынбайбыз эч кимден

Ачууланган большевиктик замбирек,

Сүрдүү бетин жоого салды күркүрөп.

Эки дүйнө деңгелдешкен майданда,

Чыдай албай, жердин жүзү титиреп.

https://kg.tyup.net/mukaj-elebaev-uluu-marsh-1544

Темиркул Уметалиев

КАЗАК ЭЛИНЕ

Өргөөнү чечсе бир чечкен,

Өзөн бойлоп бир кечкен,

Келин, кызы сырдашып,

Биздин сүйүү бир дешкен.

Калың элге ырдашып,

Токтогул, Жамбыл бирге өскөн.

Байчечектей жарашкан

, Башынан айыл жанашкан,

Бир атадан тарашкан,

Бир туугандай санашкан,

Дайым коңшу элбиз да

Бир-бирине карашкан.

Качырып чыккан камандай,

Эки жагын каранбай,

Каптап фашист келгенде,

Бирге турдук аянбай,

Иш болбосун түшүндүк

Бир-бирине таянбай.

Уктабадык,түн каттык,

Уунун даамын бир таттык,

Жанаша казып окопту,

Жоо жолун тосуп бир жаттык.

Ажалдан ак көз душманды

Бирге мээлеп, бирге аттык.

Ар-намысын бербеген,

Атактуу орус шер менен

Качыратып капкасын,

Берлинге бирге кирген тең kg

Баатырларды берген сен,

Боордош казак-тууган эл.

Сары арка гүлдөп, жашыл төр,

Гүлдүү бак болду кумдуу жер.

Багыңды коргоп жоо сайган

Балдарыңдын күнүн көр!

Ленин тиккен чоң үйдө

Өсүп, өнүп жашай бер.

Бишкек: Общественный фонд Санжарбека Даниярова, 2016. С. 99-106.

Ленин атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисткасы К. Абдулина "Айчүрөк " операсында Айчүрөктүн ролунда. Фрунзе ш., 1941-ж.

КР БМ КФФДА № 0-265.

8-гвардиялык Кызыл Туу аткычтар дивизиясынын командири, Советтер Союзунун Баатыры И. В. Панфиловдун скульптурасы. 1942-ж. Айкелчилер О.М. Мануйлова, А. Мануйлов, И. Фрих-Хор. 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-435.

Кыргыз искусство ишмерлеринин фронттук бригадасынын мүчөсү, Ленин атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисткасы, Кыргыз ССРинин эл артисткасы С. Киизбаева Кызыл Армиянын жоокерлеринин алдында концерт берүүдө. 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-21020.

Кыргыз искусство ишмерлеринин фронттук бригадасынын мүчөсү, Ленин атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисткасы, Кыргыз ССРинин эл артисткасы С. Киизбаева Кызыл Армиянын жоокерлеринин арасында. 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-21010.

Кыргызстандын искусство ишмерлеринин фронттук бригадасынын мүчөлөрү, Ленин атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисткалары Г. Худайбергенова жана Мухитдинова Кызыл Армиянын жоокерлеринин алдында концерт койууда. 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-21027.

Кыргыз артисттер фронтто. Биринчи планда солдон оңго: кыякчы С. Бекмуратов (4-чү), Дж. Муслимов (6-чы), М. Махмутова (7-чи арткы катарда), С. Киизбаева (8-чи) жана обончу М. Баетов (9-чу). 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-6941.