menu 1

Ленин атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисти,Кыргыз ССРинин эл артисти Дж. Садыков "Айчүрөк"операсында Семетейдин ролунда. Фрунзе ш., 1943-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-6124.

Кыргызстандын искусство ишмерлеринин фронттук бригадасынын мүчөлөрү (солдон оңго 2-катарда):Т. Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясынын артисттери, Кыргыз ССРинин эл артисти М.Баетов (2-чи), Ленин атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисткасы М. Еркимбаева (4-чү), Кыргыз ССРинин эл артисти А. Боталиев (6-чы) Кызыл Армиянын жоокерлеринин арасында. 1943-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-6930.

Кыргызстандын артисттери И.В. Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын жоокерлеринин алдында концерт берүүдө. Түндүк-Батыш фронту, 1943-ж.

КР КФФД БМА. № 0-27397.

Ленин атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисти К.Чодронов "Кыз-Жибек" музыкалык драмада Бекежандын ролунда. Фрунзе ш., 1943-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-6477.

Ленин атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисткасы Б. Бейшеналиева "Чолпон" балетинде Айдайдын ролунда.Фрунзе ш. 1944-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-9414.