menu 1

И.В. Панфилов, Батыш фронтунун 8-Кызыл Туу гвардиялык аткычтар дивизиясынын 16-Армиясынын командири, гвардиянын генерал-майору. 1941-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-19759.

Батыш фронтунун 8-Кызыл Туу гвардиялык аткычтар дивизиясынын 16-Армиясынын командири, генерал-майор И.В. Панфилов (солдо), дивизиянын штабынын башчысы И. Серебряков жана дивизиянын аскер комиссары С.А. Егоров Гусенево айылындагы рекогносцировкада (сүрөт И.В. Панфилов каза болгонго чейин бир нече саат мурун тартылган). Москва обл., 18-ноябрь 1941-ж. М. Калашниковдүн сүрөтү.

КР БМ КФФДА. № 0-29898

Дубосеково айылынын жанындагы политрук В. Клочков жетектеген панфиловчулар тобунун баатырдык эрдиги. Москва обл., 16-ноябрь 1941-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-28896

 

"Красная звезда" гезитиндеги "Курман болгон 28 баатырдын керээзи" алдынкы макаласынын фотокөчүрмөсү."Красная звезда" гез., 25-ноябрь 1941-ж.

КР БМ КФФДА. № 2-1477

 

8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын жоокерлери Стариков жана Клыков. 1941-ж.

КР КФФД БМА. № 0-36371

 

Панфиловчу-жоокерлерге белектерди тапшыруу. 1941-ж.

КР БМ КФФДА. №0-1392

 

Панфиловчулар фашисттер менен салгылашууда. 1941-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-36383

 

8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын олжолору - талкаланган аскердик техника.1941-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-36347

 

Р. Айдарбекова, 58-Санитардык батальонунун 2-дивизиясынын аскер дарыгери, медициналык кызматтын капитаны, Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири И. Айдарбековдун кызы. 1941-ж.

КР КФФД БМА. № 50-13796

 

Кыргызстан КП(б) БКнин катчысы С. Зайцевдин панфиловчулардын баатырдык эрдиктери, кыргызстандыктардын патриоттулугу көтөрүлүшү жөнүндө жоокер панфиловчуларга жазган каты. 28-апрель 1942-ж.

КР БМ КСДА. Ф.56, 13-тиз., 35-көкт., 55-57б.