СССРдин Совнаркомунун төрагасынын орун басары жана СССРдин тышкы иштер эл комиссары В.М. Молотовдун фашисттик Германиянын СССРге жүзү каралык менен кол салуусу тууралуу радиодон сүйлөгон сөзү. 22-июнь 1941-ж. МГПУканалы.

Москвалыктар репродуктордон фашисттик Германиянын СССРге жүзү каралык кол салуусу жөнүндө СССРдин Совнаркомунун төрагасынын орун басары жана СССРдин тышкы иштер эл комиссары В.М. Молотовдун сөзүн угууда. 22-июнь 1941-ж. Е. Халдейдин сүрөтү.

Т. Ряслованын өз ыктыяры менен фронтко жөнөтүүгө өтүнүч арызы. 23-июнь 1941-ж.
КР КФФД БМА. №0-27606

Н. Бизяева менен В. Чалованын Кызыл Армия катарына кабыл алуусу тууралуу арызы. 24-июнь 1941-ж.
КР БМ КФФДА №0-27607
Кыргызстан КП(б) БК Бюросунун "Совет элинин фашисттик Германияга каршы Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу калк арасында үгүт-массалык иштерди жайылтуу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтому. 26-июнь 1941-ж.
Киргизия в годы Великой Отечественной войны 1941-1945 гг. Фрунзе: “Кыргызстан”, 1965. С.26-28.