menu 1

Советтер Союзунун Баатыры Р. Азимов (ортодо) ардагерлер Г.Я. Голованов (1-чи) жана В. Стребко (3-чү) менен маектешүүдө. Жалал-Абад ш., 1984-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-55425.

Панфилов дивизиясынын ардагерлери А.А. Дубинин жана Ю. Медеров согуштун ардагерлери жана катышуучулары үчүн республикалык консультациялык бейтапкананын ачылышында. Фрунзе ш., 1984-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-51762.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, хирург-врач Р.И. Айдарбекованын Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторундагы дарыгерлердин эрдиги жөнүндө сүйлөгөн аудиожазуусу. 22-апрель 1985-ж.

КР БМ КФФДА. № 1405 (2723).

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, акын С. Эралиевдин Улуу Ата Мекендик согушка катышуу жөнүндөгү сөзүнүн аудиожазуусу. 8-май 1985-ж.

КР БМ КФФДА. № 1474 (3120).

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Т.Х. Кошоев, Кыргызстан КП БКнин биринчи катчысы А.М. Масалиев жана Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы А. Дж. Жумагулов Фрунзе шаарынын Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюу учурунда. 9-май 1986-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-53568.

Советтер Союзунун Баатыры И.С. Немцов пионерлер менен маектешүүдө. Фрунзе ш., 1986-ж.

КР БМ КФФДА. № 1-29937.

Кыргыз ССРинин окмөт мүчөлөрү Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен учурашууда. 22-июнь 1986-ж. Фрунзе ш., 1986-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-55194.

Мамлекеттик ишмер К. Кондучалованын 1942-жылы Ленинградга блокада учурунда барган жөнүндө аудиожазуусу. Фрунзе ш., 14-июль 1987-ж.

КР БМ КФФДА. № 1553 (3249).

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Д.П. Христич Түбөлүк оттун жана кызыл гвардиячылардын жалпы бейитиндеги обелискинин жанында жаш армейчилер менен баарлашууда. Фрунзе ш.

КР БМ КФФДА. № 0-58155.

Фрунзедеги Айыл чарба машина куруучу заводунда фронтто курман болгон жоокерлерге эстелик ачуу. 1990-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-57804.