menu 1

Панфиловчуларга белектерди жеткирген Кыргыз ССРинин делегациясы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясынын согушкерлери менен. Солдон оңго: 8-гвардиялык дивизиянын батальон комиссары А. Галушко (2-чи), кыргыз делегациясынын жетекчиси, Кыргыз ССРинин агартуу эл комиссары Д. Шүкүров (3-чү) жана мугалим Айдаралиева (4-ү). Москва ш., 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-24969.

Кыргыз ССРинин делегациясы Ленинград шаарына "Октябрь революциясы"аскер кемесинин дениз флотчуларына белектер менен жөнөп жаткан учуру. Фрунзе ш., 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-33485.

Кыргыз ССРинин делегациясы "Октябрь революциясы" аскер кемесинин дениз флотчуларында конокто. Солдон оңго: акын К. Маликов, Жалал-Абад облусунун Сузак райкомунун катчысыА. Исмаилов, Ош облусунун Өзгөн районундагы "Ильичти эскерүү" колхозунун колхозчусу Ф. Фелонов, "Октябрь революциясы" согуштук кемесинин дениз флотчусу Т. Сатывалдиев, Ош облусунун Ош районунун Нариманов атындагы колхоздун төрагасы Т. Сулайманов жана Ош обкомунун партиясынын катчысы Ш. Сейдалиев. Ленинград ш., 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-27852.

Кыргыз ССРинин делегаттары партизандар менен Ленинград шаарында жолугушуусу. Солдон оңго: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун "Орто Азия" колхозунун башкармасы К. Сурамбаев (3-чү), Ош облусунун Ош районунун Нариманов атындагы колхозунун башкармасы Т.Сулейманов (5-чи), Кызыл-Кыя тоо-кенинин шахтеру, стахановчу К.Музафаров (6-чы). 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-27600.

Кыргыз делегациясы шефтик "Октябрь революциясы" аскердик кемесинин капитаны Н .Петрищев менен жолугушууда (солдо 1-чи), Ош обкомунун партиясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары А. Джаркимбаев (2-чи), Балыкчы райком партиясынын катчысы Багдасарян (4-чү) жана Жалал-Абад шаарынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Ш. Юнусалиев (6-чы). Ленинград ш, 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-22972.

ЛТянь-Шань обком партиясынын жана Кыргызстан КП(б) БКнин лектору К. Кондучалова шефтик "Октябрь революциясы" кемесинин өздүк курамынын алдында сүйлөө учурунда. Ленинград ш., 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-22968.

"Октябрь революциясы" аскердик кемесинин өздүк курамы Кыргыз ССРинин делегациясы менен жолугушуусу. Ленинград ш., 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-22970.

Шефтик "Октябрь революциясы" аскердик кемесинин өздүк курамы Кыргыз делегациясы менен жолугушуусу. Аскердик кеменин капитаны Н. Петрищев сүйлөө учурунда. Ленинград ш., 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-22964.

Украина менен Белоруссиянын жабыр тарткан райондорунун жашоочуларына даярдоочу пунктуна Кыргызстандын эмгекчилери мал жиберүүдө. 1942-ж.

КР БМ КФФДА. № 0-27507.

ПНово-Троицктеги кант заводунун курулушунун панорамасы. Фрунзе обл., 1942-ж.С. Харченконун сүрөтү.

КР БМ КФФДА. № 0-2376.