Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Архив кызматы, Жеңиш күнүн майрамдоонун алдында согуш жылдарындагы биздин мекендештерибиздин чексиз эрдиктерин чагылдырган архив документтерин көтөрөт.
Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин 80 жылдыгына арналган “Фашизмге каршы күрөштө, биз бирге болдук” аттуу тарыхый-агартуу долбоору Кыргызстандын архивчилери тарабынан даярдалды.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин, Борбордук мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинин, Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин архивинин материалдарынын негизинде түзүлдү.
Бул долбоор 1941–1945-жылдардын окуяларын чагылдырган “тирүү күбөлөр” болгон архивдик документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Сайтта жарыяланган маалыматтык материалдар жаштарды тарбиялоого катышкандардын бардыгына, студенттерге, тарыхчы-изилдөөчүлөргө жана Улуу Ата Мекендик согуштун жана өз өлкөбүздүн тарыхына кызыккан ар бир адамга пайдалуу болот деп үмүттөнөбүз.
Жаңы муун өсүп жетти. Биздин милдетибиз-нацизмди талкалагандардын, бизди сергек болууга жана глобалдык согуш коркунучу кайталанбашы үчүн бардыгын жасоого керээз калтыргандардын элесин сактоо.
Согуш башталгандан бери Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин жана Эл Комиссарлар Советинин өкүлдөрү болгон республиканын жетекчилиги Кыргызстандын элин душманга каршы күрөшкө жана жеңишке жетишүүгө мобилизациялоочу бир катар токтомдорду кабыл алган.
Москванын чет жакаларында, Ленинграддын дубалдары алдында, Сталинград үчүн болгон салгылашта, Курск жакасында, Украина жана Беларус фронтторунда, Балтика боюнда, Польша, Румыния, Венгрия, Чехословакия жана Германиянын аймактарында, кыргызстандык жоокерлер өлкөнүн башка элдери менен бирге фашизмге каршы күрөшүүдө оор жана баатырдык жолдун бардыгын басып өтүшкөн. Москва алдындагы салгылашта 316-аткычтар дивизиясы, генерал-майор И.В. Панфиловдун жетекчилиги астында, кийин 8 - гвардиялык аткычтар дивизиясы өчпөс даңкка ээ болгон. Бул салгылашуунун катышуучуларынын арасында алты кыргызстандык жоокер өзгөчө эрдик көрсөтүп, алардын ар бирине каза болгондон кийин “Советтер Союзунун Баатыры” наамы ыйгарылган, алардын катарында Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Шемякин жана Григорий Петренколор болгон. Биздин мекендешибиз Чолпонбай Түлөбердиев теңдешсиз эрдик көрсөтүп, өз өмүрүн садага чаап, душмандын дзотунун амбразурасын көкүрөгү менен жаап, жоокерлердин согуштук тапшырманы аткаруусуна жол ачкан. Ошондой эле, эки жолу “Советтер Союзунун Баатыры” наамын алган Талгат Бегелдинов да зор эрдик көрсөткөн. Ал 305 жолу аскердик учуу жасап, көптөгөн фашисттик учактарды, танктарды, фашистер менен вагондорду жана фронттук бригадалардын мүчөлөрүн жок кылган.
Фронттогу артисттердин арасында даңктуу Сайра Кийизбаева, Мунжийа Эркинбаева, Мария Махмутова сыяктуу инсандар бар эле, алар 30 градустук кычыраган суукта жука көйнөктөрү менен сахнага чыгып, жоокерлердин духун көтөрүп, жеңишке шыктандырган.
Москва медициналык институтунун бүтүрүүчүсү, студенттик кезинен түз эле фронтко аттанган хирург Рафа Айдарбекова советтик жоокерлер менен бүткүл Европанын бардык согуш талааларын басып өтүп, миңдеген советтик аскердин жашоосун куткарган. Ал эми кыргызстандыктардын согушта жасаган мындай эрдиктери тууралуу чексиз мисалдар көп.
Улуу Ата Мекендик согушта 360 миңден ашуун кыргызстандык, башкача айтканда, республикадагы ар бир төртүнчү жаран фронтто каармандык менен салгылашкан, алардын ичинен 74ү “Советтер Союзунун Баатыры” наамын алган, ал эми 100 миңге жакын жоокер курман болгон. 150 миңден ашуун кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланып, 20дан ашууну “Даңк” орденинин үч даражасынын тең кавалерлери болушкан.
Согуш башталгандан тартып, Кыргызстандын аймагына СССРдин Европалык бөлүгүнөн, Украинанын, Орусиянын жана Беларустун убактылуу басылып алынган аймактарынан ондогон өнөр жай ишканалары эвакуацияланган. Бул ишканалар кыска убакыттын ичинде кайра ишке киргизилип, фронт үчүн керектүү аскердик жана башка продукцияларды чыгара баштаган. Жалпысынан, согуш жылдарында Кыргызстанда 30дан ашуун ири өнөр жай ишканалары калыбына келтирилип жана жаңылар курулуп, Кызыл Армиянын муктаждыктары үчүн ок-дары, курал-жарак, азык-түлүк жана кийим-кече өндүрүлгөн.
Өнөр жай ишканаларынын жумушчулары жана айыл чарба кызматкерлери эмгек каарманына айланышып, согуш мезгилиндеги пландарды бир нече эсе көп аткарып, алар өлкөгө Ак-Түздүн коргошунун, Хайдаркан менен Кадамжайдын сымап жана сурьмасын жеткирип турушту, ошондой эле 7 миллион тонна көмүр, 1,3 миллион жуп тери бут кийим, 8,6 миллион даана тигүү жана трикотаж буюмдары, 1239,3 миң метр жибек жана жүн кездемелери, 94,4 миллион банка эт консервалары, 177 миң тонна кумшекер, 57 миң тонна картошка, 57,8 миң тонна жашылча, 839 миң тонна нан, 128,6 миң тонна эт жана дагы көптөгөн өнөр жай жана айыл чарба продукциялары менен камсыздаган.
Республиканын эмгекчилери мамлекеттик карыз келишимдерине кол коюп, жеке акчаларын танктарды жана учактарды курууга бөлүшүп, Кызыл Армия жоокерлери үчүн жылуу кийимдерди, тамеки жана башка зарыл заттарды топтоп, аларды посылкалар менен жоокерлерге жөнөтүп турушкан. Партиялык жана советтик кызматкерлер баштаган республиканын делегациялары оор мезгилге карабастан фронтко чыгып, Панфилов дивизиясынын жоокерлери менен жолугуп, блокададагы Ленинграддын жашоочулары менен жолугушуп, Кызыл Армиянын жоокерлерине белектерди алып келип, эшелондорду азык-түлүк менен коштоп жүрүштү.
Согуш жылдарында Кыргызстандын тургундары танктарды жана аскердик учактарды курууга багытталган коргоо Фондуна 189 миллион рубль накталай акча, 964 миллион рубль облигация жана 59 килограмм күмүш которушкан. Айыл чарба жумушчулары коргоо Фондуна 74 миң тоннадай дан жана 8 миң тоннадан ашуун эт тапшырып, бул азыктар эшелондор аркылуу Советтик Союздун Европалык бөлүгүнө жөнөтүлгөн.
Согуш жылдарында Кыргызстан 300 миңден ашуун эвакуацияланган адамдарды кабыл алган, алардын арасында Түндүк Кавказдан атайын көчүрүлгөндөр, душман басып алган аймактардан келген жарандар жана еврей улутундагы поляк жарандарын оор абалга карабастан, республика жабдып, турак жай жана жумуш менен камсыз кылган. Алардын көпчүлүгү үчүн Кыргызстан экинчи Мекен болуп калган.
Республиканын маданият жана искусство кызматкерлери – акындар, жазуучулар, артисттер, композиторлор да жеңишке өз салымын кошуп, чыгармачылыгы менен республиканын тургундарын жана Кызыл Армиянын жоокерлерин жеңишке жетүүгө шыктандырышты.
Өткөн күндөр улам алыстап баратса да, ошол согуштун элеси элдин эсинен чыкпайт жана кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү
жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу
Архив кызматы